Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-февралы № 264-VI
"2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
2016-жылы жазгы-талаа жана чарба жумуштарын өткөрүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.Б.Бекбоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
төмөнкүдөй тиешелүү чараларды көрсүн:
- агротехникалык талаптарды жана жаңы артыкчылыктуу технологияларды сактоо менен 2016-жылы жазгы-талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү боюнча;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар, жер семирткичтер, химикаттар жана үрөндөр, ошондой эле жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо боюнча; мында республиканын алыскы региондоруна, айрыкча оор климаттык шарттардагы региондорго өзгөчө көңүл бурсун;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, айрыкча төө бурчактын жаңы сортторун жаңылоо жана киргизүү боюнча;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
айыл аймактарынын жана башка чарбакер субъектилердин карамагында болгон ички чарбалык сугат тармактарын вегетациялык мезгилге өз учурунда даярдоону;
2016-жылдын биринчи кварталында ирригациялык тармактардын учурдагы жана капиталдык ремонту үчүн арналган бюджеттик каражаттардын 80 пайызга чейинкисин каржылоону;
республиканын айыл чарба тармактары үчүн кредиттерди берүүнүн шарттарын түп тамырынан жакшыртууну жана кредиттерди берүү шарттары жөнүндө бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү;
республиканын экспорттук потенциалын көбөйтүү жана жер, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу максаттарында аэрокосмикалык санариптик маалыматтардын негизинде республиканын айыл чарба өндүрүшүнүн мониторингин;
айыл чарба тармактарын кредиттөө үчүн Айыл банкка жана РСК банкка Өнүктүрүүнүн Россия-кыргыз фондунун финансы каражаттарын багыттоо мүмкүнчүлүгүн карасын жана чечсин;
агротехникалык талаптардын мөөнөттөрүн сактоо максатында 2016-жылдын март-апрелинде банктарды жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөө жөнүндө маселени чечсин;
республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө кийин сатуу менен Материалдык резервдер фонду аркылуу жеңилдетилген жөнөтүү баасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды дүңүнөн сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иликтесин жана карасын;
2016-жылдын февралында республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусу менен жазгы-талаа жумуштарына даярдануунун жүрүшү жөнүндө республиканын бардык областтык борборлорунда селектордук кеңешмелерди өткөрсүн;
"Жаныбарлардын идентификациясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөсүн;
минералдык жер семирткичтер заводун куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 15-майына карата маалымат берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетке (М.И.Бакиров) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |