Редакцияот 25.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 25-февралы № 314-VI

Исаков Абиджан Исаковичти Кыргыз Республикасынын Жогорку согунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Абиджан Исакович Исаковду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2016-жылдын 10-февралындагы № 01-06-1514 сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74, 76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Абиджан Исакович Исаков Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотулсун.

 

Төрага

А. Жээнбеков