Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 298-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "КСДП" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Маннанов Ильхом Абдукахарович Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана ал Бюджет жана финансы боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевич Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунда:
2-пунктчасы "Исаева Динара Шертаевна" деген сөздөрдөн кийин "Саматов Жыргалбек Алимбаевич" деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктчасы "Зулпукаров Төрөбай Закирович" деген сөздөрдөн кийин "Маннанов Ильхом Абдукахарович" деген сөздөр менен толукталсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |