КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 281-VI
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 2-декабрындагы № 821 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июлунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |