Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 280-VI
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 6-июлунда кол коюлган "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси - жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 20-ноябрындагы № 794 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 6-июлунда кол коюлган "Кен казып алуу тармагынын ачыктыгынын демилгеси-жолдоочу статусун алгандан кийинки фаза II" долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017411 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |