КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 273-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
2014-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
Төрага | А. Жээнбеков |