КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 363-VI
"2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө Макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты М.А.Султанов демилгелеген "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө Макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков |