Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 13-декабрындагы № 2093-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-марты № 393-VI
Депутат А.С.Өмүрбекованы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча депутат А.С.Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 16-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төртүнчү абзацтагы "Эсенбаева Бакыт Үсөнбековна" деген сөздөр "Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күнүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |