КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 404-VI
"2009-жылдын 9-июнундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 20-январындагы № 22 токтому) "2009-жылдын 9-июнундагы Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |