Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 406-VI
"Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 16-январындагы № 11 токтому) "Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А. Жээнбеков |