КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 421-VI
Э.А.Мадмарованы Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан шайланган Мадмарова Эльнара Абдувалиевна Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" № 4468-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "Атаназаров Нурланбек Алайдинович" деген сөздөр "Мадмарова Эльнара Абдувалиевна" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А. Омурбекова |