КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 450-VI
"2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө 2009-жылдын 9-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 20-январындагы № 22 токтому) "2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун Кризиске каршы фондунун каражаттарын башкаруу жөнүндө 2009-жылдын 9-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |