КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 448-VI
"2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 16-февралындагы № 11 токтому) "2015-жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Япония Өкмөтүнүн чакан жана орто бизнестин товарларын берүүсү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |