Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 442-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылга тышкы аудиторун тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү депутаттарын киргизсин:
Айдаров Салайдин Абдираевич - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Асылбаева Гүлшат Кадыровна - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Мамашова Айсулуу Турусбековна - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан;
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна - КСДП парламенттик фракциясынан;
Тулендыбаев Пархат Розымович - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
тендердик комиссиянын иши үчүн ойдогудай шарттарды белгиленген тартипте камсыз кылсын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |