Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-апрели № 418-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үстөмдүгүн жана тикелей колдонулушун камсыздаган тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдеринин ойдогудай жана өз мезгилинде аткарылышын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кирген тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |