Редакцияот 27.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 27-апрели № 489-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акуновичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Турсунбеков Чыныбай Акунович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жээнбеков Асылбек Шариповичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө" № 8-VI токтому  күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков