Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 443-VI
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2015-жыл үчүн отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын 2015-жыл үчүн отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаеванын 2015-жыл үчүн отчёту бекитилсин жана канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- мамлекеттик органдар тарабынан ишкерлерди мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөрдү чектөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы "Укук коргоо жана салык органдары тарабынан ишкердик субъектилеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүдө укуктук коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын аткаруу үчүн бардык чараларды көрсүн;
- иштерди бир органдан башка органга негизсиз өткөрүп берүүнү алып салуу менен укук коргоо органдарындагы кылмыш-жаза иштеринин ырааттуулугун катуу сактоону камсыз кылсын;
- бардык кылмыштар боюнча, мамлекетке зыян келтирилген кылмыштар боюнча өзүнчө жана аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча бирдиктүү статистикалык эсепке алууну иштеп чыгуу боюнча укук коргоо жана сот органдарынан жумушчу топ түзсүн;
- мамлекеттин кирешесине айып пул түрүндө жазаларды аткаруу жаатында ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 44-статьясынын 8 жана 9-бөлүктөрүнүн талаптарын сактоо боюнча прокурордук көңүл буруунун так чараларын көрсүн;
- актоо өкүмү чыгарылган иштерди тыкыр иликтөөнү жана талдоону жүргүзсүн, кызмат адамдарынын аракеттерине ойдогудай баа берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |