Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 609-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бир Бол" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктун 6-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Ормонов Улугбек Зулпукарович - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбекова |