Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 585-VI
"Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров жана Э.А.Кочкарова демилгелеген "Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети (Г.А.Скрипкина) кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков |