КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 581-VI
"2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 6-апрелиндеги № 175 токтому) "2015-жылдын 29-майында Казакстан Республикасынын Бурабай поселогунда кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлигинин жана ага мүчө мамлекеттердин жана экинчи тараптан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |