Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-январы № 928-IV
А.Сыдыковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына
арналган иш-чаралар жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элинин биримдигин чыңдоо багытын бекем жүргүзгөн, өз элинин чыныгы патриоту болгон Абдыкерим Сыдыковдун сиңирген эмгегин эске алып, ошондой эле 2009-жылда белгилене турган туулган күнүнүн 120 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- А.Сыдыковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
- иш-чараларды республикалык бюджеттен каражаттарынын эсебинен каржылоону кароо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|