Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-январы № 929-IV
И.Айдарбековдун туулган күнүнүн 115 жылдыгына
арналган иш-чаралар жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүнүн башатында турган чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, 1924-жылдын 12-ноябрынан тартып 1925-жылдын 27-мартына чейин Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын Революциялык комитетинин алгачкы Төрагасы болгон Иманалы Айдарбековдун сиңирген эмгегин эске алып, ошондой эле 2009-жылда белгилене турган туулган күнүнүн 115 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- И.Айдарбековдун туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү;
- иш-чараларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону кароо.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|