Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 576-VI
"2015-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 14-сентябрындагы № 634 токтому) "2015-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети (А.Б.Баатырбеков) кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбекова |