Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-марты № 1045-IV
Кыргыздын залкар акыны А.Үсөнбаевдин
элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө
2009-жылы маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыздын залкар төкмө акыны Алымкул Үсөнбаевдин туулган күнүнө 115 жыл толот.
Төкмө акын катары А.Үсөнбаев кыргыз маданияты менен адабиятына, элдик оозеки чыгармачылыгына чоң салым кошкон. Кыргыздын "Саринжи-Бөкөй", "Кожожаш", "Олжобай менен Кишимжан" эпостору ал тарабынан жазылып, ошондой эле ал бир катар окуучуларын - төкмө акындарды тарбиялап чыгарган.
А.Үсөнбаевдин эмгеги менен таланты эл жана мамлекет тарабынан татыктуу бааланган. Ал Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. 1938-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1938-жылдан тартып 1963-жылга чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин алты чакырылышынын депутаты болгон.
А.Үсөнбаевдин улуттук маданият менен искусствонун өнүгүшүнө кошкон зор салымын, ошондой эле элдин жана мамлекеттин алдындагы салыштыргыс эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын:
- А.Үсөнбаевдин туулган күнүнүн 115 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жөнүндө;
- Бишкек шаарында А.Үсөнбаевдин эстелигин орнотуу тууралуу;
- Бишкектеги музыкалык-педагогикалык колледжге А.Үсөнбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө;
- Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы Элдик оозеки чыгармачылык тобуна "А.Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик элдик оозеки чыгармачылык ансамбли" статусун ыйгаруу жөнүндө;
- А.Үсөнбаевдин чыгармаларынын жыйнагын бастырып чыгаруу тууралуу.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитетине (И.Ш.Өмүркулов) тапшырылсын.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|