Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 12-марты № 1046-IV
"2006-жылдын 16-июнундагы № 1135-III "Баткен
областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн
акча каражаттарын жыл сайын бөлүп берүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун
жокко чыгаруу тууралу "Кыргызнефтегаз" ААКсынын
башкармалыгынын кайрылуусу жөнүндө
"Кыргызнефтегаз" ААКсынын каржы-экономикалык ишиндеги түзүлгөн оор кырдаал менен жүйөлөнгөн "2006-жылдын 16-июнундагы № 1135-III "Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн акча каражаттарын жыл сайын бөлүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун жокко чыгаруу тууралу "Кыргызнефтегаз" ААКсынын башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2007-2008-жылдарда "Кыргызнефтегаз" ААКсынын чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча алынган дивиденддердин мамлекеттик үлүшүнүн эсебинен Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн багытталган каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;
- "Кыргызнефтегаз" ААКсынын чарбалык ишинин жыйынтыктары боюнча алынган дивиденддердин мамлекеттик үлүшүнүн эсебинен Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн тиешелүү сумманы жыл сайын бөлүп берип турсун;
- битум камтылган материалдардан алынган чийки мунайга жана чийки мунай заттарына акциз салыгын киргизүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени карасын.
2. "2006-жылдын 16-июнундагы № 1135-III "Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн акча каражаттарын жыл сайын бөлүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев), ошондой эле Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюнча комитетине (У.З.Ормонов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|