Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-марты № 1062-IV
2008-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун
абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Э.Р.Сатыбалдиевдин отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 31-пунктчасына ылайык 2008-жылда Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Р.Сатыбалдиевдин отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Э.Р.Сатыбалдиевдин 2008-жылдагы иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Тергөө органдары тарабынан кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда мыйзамдуулуктун сакталышына тиешелүү көзөмөл боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын толук жетишсиз түрдө иштегендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына, жазык иштерин иликтөөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына, мыйзамдуулуктун ар кандай бузууларын жана алардын жасалышына көмөк болуучу жагдайларды белгилөө менен өз убагында четтетүүгө карата чараларды көрүүгө, ошондой эле жарандардын бузулган укуктарынын калыбына келтирилишине прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатып, прокуратуранын кызмат адамдарынын ишине контролду күчөтсүн;
- мындан ары жылдык отчетторго Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 2-пункту менен каралган Жогорку Кеңештин комитеттеринин контролдук милдеттерин ишке ашыруу бөлүгүндө Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин өз ара аракети жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөл боюнча Башкы прокуратуранын маалыматтарын, ошондой эле алардын өз ара аракетин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылуулары менен суроо-талаптары боюнча калыс маалыматтарды берүүнү жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен комитеттеринин кайрылууларында көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү камсыз кылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышына жана сакталышына көзөмөлдү күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-октябрында Кыргызстандын элине кайрылуусунда коюлган милдеттердин бири болгон менчик ээсин алмаштыруунун укукка сыйбаган ар кандай түрлөрүнө жана анын активдерге болгон укугуна кол салууларга каршы чечкиндүү күрөшүү жолу менен менчик укугун коргоо болуп саналган милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетунда 2009-жылга көзөмөлдүк иштин негизги, артыкчылык берилүүчү багыттарын ишке ашыруу максатында ишканалар менен менчикти мыйзамсыз басып алуу (рейдерлик) менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун пакетин иштеп чыксын.
Төрага | А.Тагаев
|