КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-марты № 1065-IV
Кыргыз Республикасынын Президентин
шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 58-беренесинин 4 жана 6-пункттары менен "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 217, 219-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин Шайлоо 2009-жылдык 23-июлуна дайындалсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялансын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Тагаев
|