Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июнь № 4264-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери Ж.А. Джолдошованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
А.К. Келдибековдун бөгөт коюу чарасын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, ошондой эле анын ден соолугуна байланыштуу: төрт жолу оор операция болгонун жана тергоо органдарынын атайын токтому менен түзүлгөн соттук-медициналык эксперттик комиссиясынын корутундусун эске алып, камакка байланышпаган түрүнө өзгөртүүнү кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунуштама киргизилсин.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|