Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-сентябры № 4337-V
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу, ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы укуктук актыларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу, ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы укуктук актыларды даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин маалыматын (мындан ары - Премьер-министрдин маалыматы) угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Премьер-министрдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана башка чечимдеринин аткарылышын, ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоону, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы укуктук актыларды даярдоону камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурсун жана аларды чечүү боюнча айкын чараларды көрсүн жана ушул токтомдун аткарылышы боюнча жасалган иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2014-жылдын 15-декабрына карата маалымат берсин.
3. Токтомдун оз учурунда аткарылышын контролдоо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-февралындагы № 146-V токтому менен бекитилген комитеттердин карамагындагы маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |