Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-июну № 4187-V
2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык, 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
1) 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясын жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүгө өтүүсү боюнча программаны ишке ашыруу боюнча ишти күчөтсүн;
2) өлкөнүн экономикасынын билдирилген макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча ишти улантсын;
3) калктын финансылык сабатынын деңгээлин жогорулатуу боюнча программаларды кабыл алууну тездетсин;
4) банк мыйзамдары чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар үчүн айып акылардын өлчөмүн көбөйтүүнү жана айкындаштырууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин;
5) укук коргоо органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок чет өлкөлүк валютаны алмаштыруу боюнча операцияларды жүзөгө ашырып жаткан жактардын ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрсүн;
6) социалдык маанилүү товарларга (ун, нан, эт, сүт, май, кант, КММ ж.б.) жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын, ошондой эле ири өндүрүүчүлөрдүн продукциясына баалардын мониторингин үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
7) калктын инфляциялык күтүүлөрүн төмөндөтүү жана тамак-аш азыктарына ашыкча суроо-талапка жол бербөө максатында республиканын базарларындагы бааларды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында өз убагында чагылдырсын;
8) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана кредит берүүчү менен заем алуучунун өз ара мамилелериндеги айкын-ачыктыкты камсыз кылуучу укуктук ченемдик актыларды өркүндөтсүн;
9) Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен төлөөчү операторлордун жана күрөөканалардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктасын;
10) кредит алуучуларды колдоо боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жабырлантуучу кредиттердин Фондун түзүү жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөндөгүлөр тапшырылсын:
1) төмөнкү максаттарда инфляцияны "2014-2017-жылдарга акча-кредиттик саясаттын негизги багыттарына" ылайык кармоо боюнча ишти улантсын:
экономиканын долларлашуусунун жогорулап бараткан масштабын төмөндөтүү;
банк тутумунда болгон ашыкча ликвиддүүлүктү азайтуу;
акчалардын экономиканын иш жүзүндөгү секторунда иштеши үчүн шарттарды түзүү;
2) эл аралык (алтын-валюта) резервдерди натыйжалуу башкаруу максатында дүйнөлүк каржы рыногунун шарттарына, анын ичинде чет өлкөлүк валюталардын, алтындын курсуна жана алар боюнча пайыздык ставкаларга үзгүлтүксүз талдоо жүргүзсүн жана алардын өзгөрүшүнө өз убагында жооп кылсын;
3) банк ишин өнүктүрүү максатында банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды көрсүн;
4) валюта рыногунда кызыл кулактык аракеттерге жана ажиотаждык суроо-талаптарга өз убагында бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу каржы рыногунун баардык объекттеринин, анын ичинде коммерциялык банктар менен алмаштыруу бюролорунун ишинин мыйзамдык нормаларга ылайык келүүсүн текшерүү жүргүзүүнү жана туруктуу мониторингди активдештирсин;
5) Улуттук банктын тийиштүү ченемдик актыларын чыгаруу жолу менен алмаштыруу бюролорунун отчеттуулугунун аныктыгына карата талаптарды жогорулатсын;
6) валюталардын рыноктук курстарынын мониторингин күчөтсүн жана зарылчылыкка жараша сомдун алмаштыруу курсунун кескин термелүүлөрүн солгундатуу максатында чет өлкөлүк валюта сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзсүн;
7) Кыргыз Республикасынын экономикасында накталай акчасыз эсептешүүлөргө өтүү боюнча ишти активдештирсин;
8) акча каражаттарын которуунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле республиканын калкын накталай эмес формада банктык төлөмдөр боюнча кызмат көрсөтүүсүнө жетүүсүн жогорулатуу максатында:
акча каражаттарын которуунун коопсуздугун жана үчүнчү жактардын пайдасына акча каражаттарын которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү банктык эмес уюмдардын ишин контролдоону камсыз кылуучу укуктук ченемдик актыны иштеп чыксын жана бекитсин;
коммерциялык банктар менен биргелешип республиканын региондорунун географиялык алыстыгын эске алуу менен банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча банкоматтар менен терминалдардын тармагын кеңейтүү боюнча маселени карасын;
9) консервация режиминде турган коммерциялык банктар боюнча ("Манас Банк" ЖАКы, "КыргызКредитБанк" ААКсы, "Ысык-Көл" Инвест Банк" ААКсы, "Ак Банк" ААКсы) консервациялоо киргизүүнүн негиздерин алардын четтетүүсү аркылуу чечим кабыл алууну тездетсин;
10) жабыр тарткан жана проблемалуу заемчулар туш болгон проблемаларды жөнгө салсын. "Кыргызстандын Банктар Бирлиги" ЮЖБсы жана ЧКУлар ассоциациясы жабыр тарткан заемчулардын кредиттерин кайра түзүмдөштүрүү маселелеринде көмөк көрсөтсүн;
11) банк кызматтарын жана продуктыларын керектөөчүлөрдүн укугун сактоо маселеси боюнча коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелердин ишине көзөмөлдөөнү күчөтсүн;
12) айыл жериндеги коммерциялык банктардын жана чакан каржылоо уюмдарынын кредиттик иши жөнүндө калктын маалыматтуулугун жогорулатуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радио аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин күчөтсүн;
13) 2011-2015-жылдарга чакан каржылоону өнүктүрүү стратегиясынын иш планынын өз убагында аткарылышы үчүн чараларды көрсүн;
14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана алардын ишиндеги тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү боюнча, атап айтканда мыйзамдык жана жөнгө салуучу талаптарды жакшыртуу боюнча; банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин капиталын көбөйтүү боюнча; рынокту топтоштуруу боюнча; депозиттерди коргоо тутумун жайылтуу боюнча; хеджингдик аспаптардын жана кайра каржылоонун милдеттерин, ошондой эле керектөөчүлөрдүн каржылык сабатын жана алардын укуктарын коргоону жогорулатуу маселелерин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды улантсын;
15) "Инкассациянын республикалык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уюштуруу-укуктук түрү бөлүгүндөгү маселелердин укуктук аспекттерин карасын;
16) эл аралык (алтын-валюта) резервдеринин кирешелүүлүгүн жогорулатуу жана андан ары көбөйтүү максатында аларды натыйжалуу жайгаштыруу боюнча чараларды көрсүн;
17) чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачуу, жаңы банктарды ачуу аркылуу Кыргыз Республикасынын банк секторуна инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирсин;
18) Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын бюджеттөөнүн негизги принциптерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитүү тууралуу маселени карасын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|