КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-июну № 4207-V
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б. Төрөбаев, А. Бекматов жана М. Абдылдаев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|