КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-июну № 4174-V
"2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 29-майындагы № 288 токтому) "2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|