Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4262-V
Кыргыз Республикасынын индустриялык-инновациялык өнүгүүсүнүн Мамлекеттик программасын иштеп чыгуу жөнүндө
Жогорку технологиялык жана илим сыйымдуу өндүрүштөрдү түзүү жана өнүктүрүү жолу менен экономиканын инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле дүйнөлүк чарбалык байланышка интеграциялоо үчүн улуттук экономиканы диверсификациялоонун жана модернизациялоонун негизинде өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө көмөктөшкөн мамлекеттик саясатты түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын индустриялык-инновациялык өнүгүүсүнүн Мамлекеттик программасынын долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү тапшырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаковго) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|