Редакцияот 25.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 25-июну № 4266-V

"Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору толукталып иштелип чыгууга демилгечиге - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайтарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети (С.Н.Нышанов) депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жогоруда аталган Мыйзамдын долбоорунун демилгечиси менен бирдикте жеткире иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.

 

Төраганын орун басары

Т.Зулпукаров