Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 4278-V
Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында, айрыкча Ош областынын, Ош, Жалал-Абад шаарларынын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилинде жаратылыш газынын тартыштыгына байланыштуу электро-энергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында алдыдагы 2014-2015-жылдардагы күз-кышкы жылытуу мезгилине даярдыкты камсыз кылуунун, бул багытта иш-чараларды өткөрүүнүн зарылчылыгына, ошондой эле отун-энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу маселени "Ата-Журт" депутаттык фракциясынын демилгеси боюнча карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинен баштап Ош областынын, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жаратылыш газы менен камсыз болуусу токтотулган. Ушул күнгө чейин аталган көйгөй чечилбей келет. Газдын жоктугуна байланыштуу керектөөчүлөрдүн жылытууга жана тамак-аш даярдоого болгон муктаждыктары электр энергиясына өтүп, анын пайдаланылышы кескин түрдө көбөйдү. Ош шаарындагы электр тармактары чоң чыңалууда иштегендиктен, авариялар жана аларга байланышкан электр булактарынын өчүрүүлөрүнүн саны да өсүп баратат.
Ошол эле учурда, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгондугуна байланыштуу, 2014-2015-жылдардагы жылытуу мезгилинде республиканы электр энергиясы менен толук кандуу камсыз кылуу чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн. Ош областынын жана Ош шаарынын калкынын көпчүлүк бөлүгү көмүрдүн кымбаттыгынан жана жаратылыш газынын жоктугунан улам, жылытуу үчүн электр энергиясын колдонууга мажбур болушат.
Келээрки күз-кыш мезгилинде Ош шаарын жылуулук менен үзгүлтүксүз жана тиешелүү өлчөмдө камсыз кылуу үчүн Ош ТЭЦине 20 миң 600 тонна мазут талап кылынат. Шаардагы "Жылуулуккамсыздоо" муниципалдык ишканасынын карамагындагы 20 котельныйга 65 млн. кВт/с электр энергиясы, 38 котельныйга 8 миң тонна көмүр талап кылынат.
Ош шаарындагы 117 көп кабаттуу үйлөр жылуулук берүү тармактарына кошулган эмес. Анын ичинде 18 үй-бүлөлүк жатакана бар, аларда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жашашат. Бул үйлөрдү жылытуу түтүктөрүн улап, борбордук жылытуу тармагына кошуу үчүн 14 млн. 600 миң сом акча каражаты талап кылынат. 40 көп кабаттуу үйлөр Ош мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттен каржыланып жатат.
Мындан сырткары, Ош шаарында 58 котельный бар. Алардын ичинен электр кубаттуулугунан иштөөчү 9 котельныйды көмүр менен иштей турган ыкмага өткөрүү үчүн 45 млн.сом акча каражаты зарыл. Калган 49 котельныйда Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүп жатат.
Ошол эле учурда, Ош областында, Ош, Жалал-Абад шаарларында электр энергиясын пайдалануу кескин түрдө өскөндүгүнө байланыштуу, трансформатордук көмөкчү подстанциялардын санын көбөйтүп, кубаттуулугун көтөрүү маселелери үчүн 165,0 млн.сом кошумча акча каражаты керектигин Энергетика жана өнөр-жай министрлиги, "Ошэлектро" ААК мекемелери ачык айтып чыгышты.
Ош областынын, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жылуулук берүү тармагын калыбына келтирип, 2014-2015-жылдардагы жылытуу мезгилине болгон даярдыктарын тиешелүү деңгээлде өткөрүү үчүн 261,0 млн.сом акча каражатын табуу зарыл. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жогоруда айтылган кошумча 261,0 млн.сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын табуунун булактарын аныктоо менен бирге каржылоо маселеси чечилбесе, Ош, Жалал-Абад областтарындагы, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жана социалдык объектилерди (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар ж.б.у.) күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылуу иштери үзгүлтүккө учурашы мүмкүн, бул калктын социалдык абалын оордотуп, коомдук-саясий кырдаалды курчутушу мүмкүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагынын 2014-2015-жылдардагы күз-кышкы жылытуу мезгилине даярдыгынын абалы жана аны камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчету угулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үстүбүздөгү жылдын июль айынан баштап алдыдагы 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилинде жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өз учурунда аткаруу үчүн төмөндөгү маселелерди чечсин:
Ош областы, Ош жана Жалал-Абад шаарлары үчүн каржылоо булактарын белгилесин жана кошумча 261,0 млн.сом өлчөмүндөгү кошумча акча каражаттарын өздөштүрсүн;
эсеп жүргүзүүнүн негизинде Нарын жана Талас областтары, Каракол шаары үчүн зарыл кошумча каражаттарды издеп тапсын.
3. Ушул токтомдун 1-пунктунун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Ж.Рыспаев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (К.С.Дыйканбаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|