Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 4283-V
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Г.Бекматов, Н.А.Нарматова, К.С.Дыйканбаев, Э.А.Кочкарова, А.О.Кутушев, Г.А.Скрипкина, А.Т.Алтыбаева тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамдан келип чыгуучу жана бул Мыйзамга ылайык келтирүүгө жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен карама-каршылыктарды четтетүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун (мыйзам долбоорлорунун пакетин) иштеп чыксын жана 2014-жылдын 1-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|