КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 569-VI
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров жана Э.А.Кочкарова демилгелеген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 12-майындагы № 522-VI "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |