Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 560-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Г.А.Скрипкина демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети (Г.А.Скрипкина) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |