Редакцияот 19.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 2016-жылдын 19-майы № 554-VI

Турганбеков Канатбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин 2016-жылдын 6-майындагы К.Турганбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө № 01-06-5707 сунуштамасын карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74, 76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Турганбеков Канатбек Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков