Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 553-VI
Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуу жөнүндө
Мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун активдерин башкарууну жакшыртуу, коррупцияга каршы аракеттенүүлөрдү күчөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыздоо жолу менен мамлекеттин материалдык жана материалдык эмес активдеринин болушун тактоо, алардын эсебин алууну жөнгө салуу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө:
- мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү инвентаризациялоону жана эсебин алууну жүргүзүү тартибин жана аларды натыйжалуу пайдалануу көрсөткүчтөрүн жөнгө салган ченемдик укуктук базаны иштеп чыксын;
- материалдык жана материалдык эмес активдерди уюштуруу жана так эсебин жүргүзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоону, идентификациялоону жана кайра баалоону жүргүзсүн;
- материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоонун жыйынтыктарын жарыялоону жана калкка тааныштырууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн өзүнчө отчёттуулугун көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдеринин болушу, курамы жана кыймылы жөнүндө статистикалык отчёттуулукту өркүндөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдери жөнүндө жыл сайын отчёттуулукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Ушул токтомду аткаруу үчүн ченемдик укуктук актыларды ылайыкка келтирсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (Н.К.Макеев) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Омурбекова |