Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 549-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр шайлансын:
депутат Икрамов Тазабек Икрамович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына;
депутат Мавлянова Махабат Эргешовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" № 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- 4-пунктчанын үчүнчү абзацындагы "Л.У.Мамытова - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;" деген сөздөр "Т.И.Икрамов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"М.Э.Мавлянова - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;";
- 9-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"М.К.Жеенчороев - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |