Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-майы № 547-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) КСДП - депутаттык фракциясынан депутат Омуркулов Иса Шейшенкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына киргизилсин;
2) КСДП - депутаттык фракциясынан депутат Аманкулов Марат Аскерович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамына киргизилсин;
3) 1-пунктта:
1-пунктчанын он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
4-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Алимбеков |