ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 1103-IV «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөсүн дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция10.04.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 10-апрели № 1103-IV

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

Кеңешинин мүчөсүн дайындоо жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Ж.Мырзакматовдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу өткөрүлгөн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асилбек Шарипович Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кеңешинин мүчөлүгүнө дайындалсын.

 

Төрага

А.Тагаев