Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-апрели № 1104-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик
кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо боюнча жашыруун
добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин мүчөлөрүн дайындоо боюнча жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7 депутатынын санында шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын курамына төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары шайлансын:
О.М.Артыкбаев
А.Б.Байтиков
Ю.А.Данилов
Д.Ш.Исаева
А.С.Кабаев
М.К.Кунакунов
Б.У.Мамасейитова
Төрага | А.Тагаев
|