Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-июну № 4149-V
Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-ноябрындагы № 3560-V токтомуна ылайык Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө үчүн курамына төмөндөгү депутаттар кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы түзүлгөн:
Кочкорбаев А.К. (Комиссиянын төрагасы);
Осмоналиев К.О.
Никитенко Н.В.
Орозова К.Б.
Акназарова Р.К.
Депутаттык комиссия тарабынан 2013-жылдын ноябрынан баштап 2014-жылдын апрелинде кесиптик-техникалык билим берүү жаатындагы окуу жайлары иликтенген. Иш-чара республиканын бардык областтарында жүргүзүлгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Эмгек рыногунун талаптарына жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн стандарттарына ылайык жумушчу кадрларын даярдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин негизги максаттарынан болуп саналат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында кесиптик-техникалык билим берүү жаатында 105 окуу жайы, анын ичинде 95 кесиптик лицейлер, Кыргыз Республикасынын жаза өтөө мекемелерине караштуу 6 окуу жайы жана Токмок шаарындагы 1 индустриалдык-педагогикалык колледж бар.
Бүгүнкү күндө кесиптик билим берүүнүн 105 окуу жайында ар түрдүү кесип боюнча 125 жумушчу кадрларын даярдоо ишке ашырылат, Токмок шаарындагы индустриалдык-педагогикалык колледжде окуу жайлары үчүн керектүү өндүрүштүк окутуунун чеберлери даярдалат.
№ к/н | Региондор | Окуу жайларынын саны | Эскертүү |
1 | Баткен областы | 10 |
|
2 | Жалал-Абад областы | 20 | Жаза өтөө мекемесине караштуу 1 окуу жайы |
3 | Ысык-Көл областы | 8 |
|
4 | Нарын областы | 8 |
|
5 | Ош областы | 14 |
|
6 | Талас областы | 6 |
|
7 | Чүй областы | 21 | Жаза өтөө мекемелерине караштуу 1 колледж жана 5 окуу жайы |
8 | Бишкек шаары | 18 |
|
| Республика боюнча баары | 105 |
|
2014-жылдын 1-январына мамлекеттик бюджеттин эсебинен окушкан окуучулардын жалпы саны 26,3 миң адамды түзгөн. Соңку жылдары кесиптик билим берүү жаатында республикалык бюджеттен каржыланган кесиптик лицейлердин контингентин оптималдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бюджеттен тышкары, кесиптик-техникалык билим берүүнүн окуу жайларынын кыска мөөнөттүү курстарында ишке орноштуруунун жергиликтүү борборлору тарабынан жөнөтүлгөн, ошондой эле өздөрүнүн эсебинен окуп жатышкан адамдар билим алышууда.
Аталган окуу жайларында мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуу мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөттү түзөт.
3 жылдык мөөнөткө чейин окууга негизги жалпы билимдери бар (9-класс) окуучулар кабыл алынышат, алар кесипке ээ болуу менен бирге орто жалпы билими жөнүндө аттестат алышат. Иликтөө жүргүзгөн учурда окуучулардын сабакка катышуусу боюнча маселеге комиссия өзгөчө көңүл бурду.
Талдоо үчүн 105 кесиптик лицейлердин 67и алынды. Жыйынтыктары боюнча бул маселелерде да кемчиликтер бар экендиги белгилүү болду. Маселен, айрым окуу жайларында (15%) окуучулардын сабакка өтө начар келүүсү белгилүү болду. Булар - Түп районундагы № 80 (директору И.Карымшаков), Кара-Суу районундагы № 64 (директору А.Акынбекова), Талас районундагы № 6 (директору Б.Райымканов), Өзгөн районундагы № 38 (директору А.Туратов), Токтогул районундагы № 39 (директору Б.Сулайманов), Бишкек шаарындагы № 94 (директору Т.Кубаталиев), Араван районундагы № 112 (директору Г.Сарыбашева), Ош шаарындагы № 113 (директору К.Камалинов), Ош шаарындагы № 16 (директору В.Гладков) кесиптик лицейлери.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын көлөмүнүн көптүгүнө байланыштуу орто кесиптик билим берүү окуу жайлары камтылбай калды.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
мамлекеттин муктаждыгына ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу кесиптик лицейлердин контингентин оптималдаштыруу боюнча максаттуу иш-чараларды белгилесин жана колдоого алсын;
коомчулукту жана тийиштүү органдарды тартуу менен бюджеттен каржылануучу окуучулардын сандык жана сапаттык курамына системалдуу көзөмөлдөөнү жүргүзсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|