КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4219-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, А.Г.Бегматов жана М.Ю.Абдылдаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|