Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июну № 4234-V
“2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТО К Т О М К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 13-июнунда № 326 токтому) "2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|