Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-7
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардагы бош турган жерлерди С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардагы бош турган жерлерди С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн агрардык, жер жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш пикирлери менен Кыргыз республикасынын Жер Кодексинин 4,9,18-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын 15.07.2011-жылдагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №101-Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1 С. Юсупова айылдык кеңешинин аймагындагы калктуу конуштардагы бош турган жерлерди С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнө калктуу конуштардагы бош турган жерлерди айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчиги катары мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү менен Араван райондук жер кадастры жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерин алуу жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |