Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 4269-V
Жогорку Кеңеште документ жүгүртүүнүн электрондук түрүн киргизүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүүсүнүн Стратегиясында каралган "Электрондук документ жүгүртүү" долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2014-жылдын 1-сентябрынан тартып кириш документтердин, анын ичинде мыйзам долбоорлоруна байланышкан документтердин кагаз түрүндөгү версиясын коштобой туруп, Жогорку Кеңеште ички документ жүгүртүүнү жүргүзүү электрондук түрдө ишке ашырылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|