Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 4281-V
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарды жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ю. Карамушкина, Ө.Ч. Текебаев, М.Ю. Абдылдаев, К.С. Бокоев жана К. Осмоналиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарды жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары,конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир элеубакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В. Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин
Төрага | А.Жээнбеков
|